14 февраль 2025

Кароолор: 272

НАРЫН ОБЛУСУНУН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮНҮН 2024-ЖЫЛДАГЫ ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА ОБЛУСТУК КОЛЛЕГИЯНЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ

       Биринчи баяндамачы КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров Нарын облусунун экономикалык өнүгүүсүнүн 2024-жылдын жыйынтыгы жөнүндө жана кемчиликтери боюнча төмөндөгүдөй маалымат берди.

         Айрымдарын атай кетсек, Нарын облусунун өнөр жай тармагында 6 млрд 853,3 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 млрд 155,2 млн сомго көп болду. Өндүрүш, кайра иштетүү, тейлөө багыттында 90 чакан ишкана ачылып,  1237   жаңы жумушчу оруну түзүлгөн. 

       Облустун инфратүзүмүн жакшыртуу максатында 2024-жылы 7 млрд 400,4 млн сомдук инвестициялар, капиталдык салымдар жана курулуштар өздөштүрүлүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд 660,4 млнсомго көп болуп, өсүү темпи 197,8% түздү.

       Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 1 млрд 843 млн 348,7 миң сом өлчөмүндө салыктар жана башка жыйымдар чогултулган. Мунун ичинен республикалык  бюджет 106,8 %,  жергиликтүү бюджет 107,4 % аткарылды. 

       Мамлекеттик бюджет өткөн жылга салыштырмалуу 415 млн 100,7 миң сомго көбөйгөн. Дотациянын көлөмү 2024-жылы 37,2% (47,9%) түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 10,7 % азайды. 

Жыл ичиндеги жетишкендиктер менен катар кемчиликтер дагы айтылды. Кээ бир айыл өкмөттөрүнүн мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган мүлтөрдү камсыздандырууда, салыктык эмес жыйымдарды чогултууда иштин солгун жүрушү, ишканаларды ачуудагы, айдап-себүүдөгү мүчүлүштүктөр жана башка көйгөйлөр айтылды. 

     Экинчи баяндамачы КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу Нарын облусунун социалдык тармагындагы жетишкендиктер боюнча маалымат берди. 

Облустун билим берүү тармагында 2024-жыл ийгиликтер менен жыйынтыкталды. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн демилгеси, бекиткен жол картасы  жана командалык иш аракеттердин натыйжасында жалпы республикалык тестирлөөдөгү билим сапатынын  көрсөткүчү менен республикада алдынкы орунду камсыздай алды. Алсак, 2021-2022 окуу жылында 54,1 %, 2022-2023-окуу жылында  53,1% , 2023-2024-окуу жылында 68,4 % түздү.

Нарын облусу өткөн жылы республикалык олимпиаданын жыйынтыгы менен облустар арасында 1-орунду, ал эми республика боюнча 3-орунду камсыздаган. (1-орун Бишкек шаары, 2- Ош облусу, 3-орун Нарын облусу).

Жалпы облус боюнча бала бакчага тартылуусу 81,1 % түздү. Ал эми коопсуздук чараларын көрүү багытында 140 мектепте 1610  видеокөзөмөл камерасы жана 112 бала бакчасында 729 видеокөзөмөл камерасы орнотулган.  

Саламаттык сактоо тармагы боюнча маалыматта облуска 133 врач жетишпегени белгиленди. Маселени чечүү максатында ваучердик билим берүү долбоорунун негизинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында 7 студент билим алууда.

Мындан тышкары,  2023-жылы врач депозити менен 15 врач иштеген  болсо, 2024-жылдын ичинде 21 врач депозит программасы менен  иштеп жатат. 

Депозит программасы менен келип иштеп жаткан дарыгерлерди колдоо максатында жергиликтүү бийлик органдары тарабынан  турак-жай менен мүмкүн болушунча камсыз кылынып, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 556 миң сом бөлүнүп берилген. 

Жакырчылыктын денгээли 2022-жылы 32,5%, 2023-жылы 29,7,1%. Түтүнгө толтурулган социалдык паспорттун негизинде жакырчылыктын денгээли 2024-жылы 22,1% түздү. Башкача айтканда, 2024-жылы 4000 үй-бүлөнү жакырчылыктан чыгарууга мүмкүн болду.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов 2025-жылга коюлган пландар боюнча маалымат берди. План боюнча облуска инвестиция тартып, ишканаларды ачууга, Нарын шаарына заманбап курулуштарды баштоого, жолдордун оңдолушуна басым жасалат. Андан сырткары, 5 чакан ГЭСтин, 2 күн, 2 шамал электр станцияларынын курулуш иштерин баштоо пландалууда. Чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүн 80 млн АКШ долларына жеткирүү, салыктык эмес төлөмдөрдөн 264 млн 145 миң сомго жеткирүү, тике чет өлкөлүк инвестицияны (ПИИ) көлөмүн 8 млрд 500 млн сомго жеткирүүгө аракеттер көрүлөт.