26 апрель 2025
Кароолор: 16
НАРЫН ОБЛУСУНУН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ АК-ТАЛАА РАЙОНУНДАГЫ ӨНДҮРҮШТҮК ОБЪЕКТТЕР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

2025-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов иш сапары менен Ак-Талаа районуна барып, өнөр жай жана айыл чарба багытындагы бир катар объекттердин абалы жана курулушунун жүрүшү менен жеринде таанышып чыкты. Иш сапардын алкагында облус башчысы жергиликтүү тургундар, ишкерлер, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, көтөрүлгөн маселелерди жеринен угуп, иштиктүү чечимдерди кабыл алды.
Баетов айыл аймагындагы Кайыңды-Булак айылында жайгашкан койдун жүнүн кайра иштетүүчү ишканада жабдуулар толугу менен жеткирилгени менен, имараттын документациялык маселелери кечеңдеп жатканы белгиленди. Бул боюнча облус башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга жана адистерге так тапшырма берип, 10 күндүн ичинде имарат боюнча бардык документтерди бүтүрүүнү талап кылды. "Жабдуу келип турган учурда имарат даяр болбосо – бул мамлекетке зыян келтирүү менен барабар", – деп баса белгилеп, жоопкерчиликсиздик жана шалаакылык үчүн жоопко тартыларын эскертти.
Андан кийин Баетов айылында “Тенир-Тоо” фондунун социалдык жана экономикалык долбоору катары каржыланып жаткан мал союучу жана бордоочу жайы менен таанышуу болду. Бул жайда бир учурда 500 башка чейин бодо жана майда мал кармоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жалпы 1 гектар аянтты ээлеген бул ишканада мал союучу жай, эт сактоочу бөлүм, жумушчуларга арналган жатакана, бордоп семиртүү үчүн аянттар камтылган. Жеке ишкер Адилет Жапаровдун демилгеси менен ишке ашып жаткан бул долбоор “Тенир-Тоо” фондунан 30 млн сом инвестиция алуу менен ишке ашырылганы турат. Калган чыгымдар өздүк салым аркылуу жабылмакчы. Облус башчы бул ишкананын ачылышына жеке өзү катышарын билдирип, документтерди бүтүрүүгө жана курулушту өз убагында аяктоого көмөк көрсөтүлөрүн баса белгиледи.
Ала-Буга айыл аймагындагы Чолок-Кайың айылында курулуп жаткан сафлор майын өндүрүүчү цех дагы облус башчынын көзөмөлүндө болду. Ишкана күнүнө 100 литр сафлор майын чыгаруучу кубаттуулукка ээ болуп, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 1 млн 262 миң сомдук максаттуу трансферттин негизинде каржыланууда. Муниципалдык менчиктеги бул цехте 5 адамга жумуш орду түзүлөт. Электр жана суу менен камсыздоо курулуш иштери менен кошо чечилет.
Кара-Бүргөн айылында жеке ишкер Майрамбек Жакиев тарабынан курула турган сүт иштетүүчү ишкана күнүнө 1000 литр чейин сүт иштетүүгө багытталган. Бул долбоор дагы “Тенир-Тоо” фонду тарабынан 30 млн сом менен колдоого алынган. Жалпы алты адамга жумуш берүү мүмкүнчүлүгү бар бул объект боюнча облус башчы ишкерге бардык документ иштерине мамлекеттик деңгээлде көмөк көрсөтүлө турганын билдирди. Сүт иштетүүчү цехти 2025-жылдын 1-октябрына чейин ишке берүү пландалууда.
Иш сапардын жүрүшүндө Алтынбек Эргешов жергиликтүү ишкерлерге шарттарды түзүп берүү — бул аймактык өнүгүүнүн негизи экенин баса белгилеп, “Кичи жана орто ишкерликке өзгөчө көңүл бурулушу керек,”- деп айтты. Ал өндүрүштүк потенциалы бар райондордо жабдуулар келгенден кийин имарат, инфраструктура жана документ маселелери кечиктирилбеши керек экенин эскертти. Бул маселелерди тез арада чечүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарына жана тиешелүү мекемелерге так тапшырмалар берилди.
Иш сапардын жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелерди жана курулуштардын абалын өз көзү менен көрүп, чечүү жолдорун жеринде көрсөтүп берген облус башчы, бул ишканалардын ишке кириши менен райондо кошумча жумушчу орундар ачылып, экономикалык жигердүүлүк жогорулай турганына ишенимин билдирди.