23 апрель 2025

Кароолор: 15

НАРЫН ОБЛУСУНУН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ ЖАРАНДАРДЫ КООМДУК КАБЫЛДАМАДА КАБЫЛ АЛДЫ

2025-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов коомдук кабылдамада жергиликтүү тургундарды кабыл алып, алардын жеке маселелерин угуп, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.

Кабыл алууда бетинен жаракат алган, көзүнө төрт ирет операция жасалган жарандын жакындары кайрылып, республикалык оорукадан алдыдагы операциясы үчүн каражат талап кылынарын билдиришти. Облус башчысы бул багытта мүмкүнчүлүктүн чегинде жардам көрсөтүлөрүн айтып, саламаттыкты сактоо мекемесине кайрылуу менен маселени карап чыгууга убада берди.

Нарын районунун тургуну Зумрат Сабитахунова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 17 жаштагы баласын чет өлкөдө операция жасатуу зарылдыгын айтып, операцияга каражат бөлүү өтүнүчүн билдирди. Облус жетекчиси бул кайрылууга да өзүнчө көңүл буруп, каражат жагынан мыйзам чегинде жардам берилерин билдирди.

Бүбүйра Касымалиева Нарын шаарынын тургуну, жалгыз бой аял экенин жана үч небересин тарбиялап жатканын айтып, профсоюздар имаратында ишкердик кылып келгенин, бирок январь жана февраль айларында ооруп калганы жана имараттын суук болгондугуна байланыштуу убактылуу иш жүргүзө албай калганын түшүндүрдү. Ошого карабастан, облустук профсоюз уюмунун бухгалтериясы ошол айлардын ижара акысын талап кылып жатканын белгиледи. Бул маселени чечүү боюнча Алтынбек Эргешов тиешелүү адистерге тапшырма берип, жалгыз бой энеге жардам көрсөтүлүшү керектигин айтты.

Миң-Булак айыл аймагынан келген Жыргалбек кызы Заида жогорку билимдүү адис экенин жана бала бакчада беш жылдан бери убактылуу иштеп келгенин маалымдады. Учурда бала бакчада бош орун бар экенине карабастан, аны жумушка албай жатышканын айтып, калыстык сурады. Бул маселе боюнча облус башчысы Билим берүү бөлүмүнө тийиштүү чара көрүүнү тапшырды.

Нарын шаарынын Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнүн жашоочулары көчөнүн 150 метр аралыгына асфальт төшөө өтүнүчү менен кайрылышты. Аталган көчөдө өткөн жылы канализация иштери бүткөнү белгиленип, бирок быйылкы жылы асфальттоо планына кирбей калган. Бул боюнча облус башчысы кошумча каражат бөлүнгөн учурда маселе караларын билдирип, Нарын шаардык мэриясына тийиштүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Долон капчыгайында соода-сатык менен алектенген ишкерлер соода жайларын убактылуу ордунда калтыруу өтүнүчүн айтышты. Бирок мурда түзүлгөн комиссия мүчөлөрү мыйзамдарга ылайык түшүндүрүү иштери бир нече жолу жүргүзүлгөнүн билдирип, экологияны сактоо, туристтик жагымдуулукту арттыруу жана санитардык нормаларга жооп берген шарттарды түзүү зарылдыгын белгилешти. Соода жайларын заманбап бирдиктүү стандартта куруу, саркынды сууларды тазалоочу жабдуулар менен жабдылган экотуалеттерди орнотуу, электр, байланыш жана төлөм ыкмаларын модернизациялоо боюнча сунуштар берилди. Ушуга байланыштуу облус башчысы бардык иштер экологиялык жана санитардык эрежелерге ылайык аткарылышы керектигин айтып, Соң-Көлгө келген туристтерге жана Нарындын башка аймактарына келген конокторго коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү негизги талап экенин белгиледи.

 

Кабыл алууга келген жөө күлүк Толгонай Шааева да облус башчысына кайрылып, алдыдагы максаттары жана учурдагы маселелери тууралуу айтып берди. 60 жаштан ашканына карабастан, ал бир нече эл аралык марафондорго катышып, Кыргызстандын намысын коргоп келет. Жакында эле Түркиянын Анталия шаарында өткөн эл аралык мелдеште 21 км аралыкты чуркап, өз жаш курагындагы категорияда 1-орунду багынткан. Ошондой эле Казакстандын Алма-Ата шаарында өткөн марафондо да 1-орунду ээлеп, өлкө намысын коргоду.

Толгонай айым учурдагы негизги маселеси катары турак-жай маселесин көтөрүп, келечекте АКШ жана Европа өлкөлөрүндө өтө турган спорттук мелдештерге катышуу максаты бар экенин билдирди. Анын кайрылуусун угуп, облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Европага сапары үчүн чыгымдарын жабууну өз мойнуна ала турганын билдирип, спортчунун аракетин жогору баалады. Ал эми турак жай маселеси боюнча мамлекет тарабынан каралган МИК (Мамлекеттик ипотекалык компания) программасы аркылуу турак жай алууга мүмкүнчүлүк бар экенин түшүндүрүп, тиешелүү кеңештерди берди.

Коомдук кабыл алуу учурунда жарандардан келген бардык кайрылуулар кылдат каралып, ар бирине конкреттүү жооп жана колдоо көрсөтүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди. Алтынбек Эргешов жарандардын ар бир маселеси өз учурунда жана мыйзам чегинде караларын белгилеп, калктын турмуш шартын жакшыртуу — негизги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгиледи.