28 июнь 2025

Кароолор: 11

НАРЫН ОБЛУСУНУН ЖЕТЕКЧИСИ МЕКЕМЕ БАШЧЫЛАРЫНА ЫКЧАМ ТАПШЫРМА БЕРДИ

Бүгүн, 2025-жылдын 28-июнунда, Президенттин Нарын облусундагы жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров өзүнүн кызматтык ишин активдүү баштап, бүгүнкү жумушчу жыйында облустагы тиешелүү мекеме жетекчилерине бир катар ыкчам тапшырмаларды берди.

Атап айтканда, учурда 2 чоң мамлекеттик кампанияны мөөнөтүндө уюштуруп өткөрүү аяктап бараткандыктан ыкчам иштөө зарыл. Анткени жер мунапысына арыз кабыл алуу 1-июлда токтойт! Ошондой эле 1-июлга чейин унааларды камсыздандыруу (ОСАГО) шарт.

Ушуга байланыштуу тийиштүү органдар дем алышсыз иштөөгө өтүү тапшырма берилди.