01 ноябрь 2024

Кароолор: 14

Нарын облусунун жетекчиси Жумагал районундагы көйгөйлүү маселелерден жеринде кабар алууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов бүгүн, 1-ноябрда Жумгал районунда иш сапары менен болуп, социалдык-экономикалык, курулуш, чарба жумуштарынан кабар алууда.

Алгач облус жетекчиси Лама айылында салынып жаткан орто мектептин, бала бакчанын жана таза суу, канализация системасынын курулуш ишин жеринде көрдү. Курулуш иштери өз убагында, сапаттуу бүткөрүлүүсүн тапшырып, таза суунун тарифин бекитип, эсептегич койгондон кийин пайдаланууга берүү жагын айтты.

Мындан кийин 4,1 чакырымы оңдолуп жаткан Чоң-Дөбө – Куйручук жолунун, Куйручук айылындагы “Чолок-Арык” каналынын ремонт иштери менен таанышты. Таш-Дөбө айылындагы орто мектептин курулушун көрдү. Айыл тургундары облустун аймагында жакшы иштер болуп жатканын белгилеп, райондун өнүктүрүү фондунан жасалып жаткан “Чолок-Арык” каналынын ремонтун аягына чейин бүткөрүп берүүнү өтүнүштү. Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов облустук “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондуна долбоор жазып өткөрүүнү жана каржылоо жагын карап берүүнү тиешелүү кызматкерлерге тапшырды.

Андан соң ыйгарым укуктуу өкүл А.Эргешов Түгөл-Суу суу сактагычынын курулуш иши менен жеринде таанышып, Баш-Кууганды – Кара-Кече унаа жолунун, Чаек айылындагы музыкалык мектептин курулушун, ушул эле айылдагы темир-бетон шакекчелерин чыгаруучу ишкананын ишмердүүлүгүн, таза суу системасын реабилитациялоо иштерин жеринде көрүп, бир катар тапшырмаларды берди.

Облус жетекчисинин иш сапары Миң-Куш, Кең-Суу айылдарында улантылат.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.