24 февраль 2025

Кароолор: 35

НАРЫН ОБЛУСУНУН ЖОЛ ТЕЙЛӨӨ ИШКАНАЛАРЫНА АТАЙЫН ТЕХНИКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Бүгүн, 2025-жылдын 24-февралында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов облустагы жол тейлөө ишканаларына  атайын техникаларды тапшырды.

Техникалык базасын чыңдоо, жолдун курулушун, оңдоо иштерин тездетүү жана сапатын жогорулатуу максатында Өкмөт тарабынан республикадагы ЖТИлерге атайын техникалар алынып, анын ичинен Нарын облусундагы 9 жол тейлөө ишканаларына 73  бөлүнүп берилген. Алар:

9 даана автогрейдер, 9 даана 15 тонналык автосамосвал, 9 даана каток(тротуарный),

9 даана асфальт кескич(фреза), 9 даана таптагыч(ручной каток), 9 даана компрессор,

4 даана кран-манипулятор, 4 даана кум чачкыч жана алдыңкы калагы бар машина, 3 даана автомашина(дубль кабина), 1 даана автогудронатор(битум чачуу), 2 даана автопогрузчик, 1 даана МДК(кар тазалоочу техника), 1 даана асфальтоукладчик, 1 даана экскаватор, 1 даана асфальто-бетон заводу, 1 даана таш талкалоочу жабдуу.

Иш-чарада облус башчысы А.Эргешов жолчуларды куттуктап, алардын жумушуна ийгилик каалоо менен бирге, техниканы өз кызыкчылыкка пайдаланып жибербей, аяр мамиле жасоо керектигин эскертти.

 "Бул техника сиздердин ишиңиздерди тездетет жана жолдордун сапатын жакшыртууга чоң салым кошот деген ишеничтемин. Биздин эң негизги максатыбыз — жолдорду сапаттуу куруп, тургундарга ыңгайлуулукту камсыздоо. Техниканы өз кызыкчылыгыңыздарга пайдаланып жибербей, аяр пайдалануу керек. Жолдордун абалын, сапатын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турмакчыбыз", — деди А.Эргешов.

 Жолдордун абалынын жакшыртылышы элдин күнүмдүк турмушундагы өтө маанилүү аспект болуп, ар бир курулган же оңдолгон жол өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошорун белгиледи.