07 апрель 2026

Кароолор: 9

НАРЫН РАЙОНУНДА МУНИЦИПАЛДЫК ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОР КУРУЛАТ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосу менен Нарын районунда жаңы муниципалдык логистикалык борбор куруу иштери башталууда.

Ал жерге облустун айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларын: Жашылча-жемиш, эт, картошка жана башка товарларды – сактоого, ташууга жана иреттөө иштерин жакшыртууга багытталат.

Жаңы инфраструктура ыңгайлуу шарттарды түзүп, продукциянын сапатын жакшы сактоого жана рынокко үзгүлтүксүз жеткирүүгө көмөк көрсөтөт. Ошондой эле логистикалык борбор аймактагы экономиканын өнүгүшүнө жана айыл чарба тармагынын натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөт.