06 декабрь 2024
Кароолор: 64
Нарын шаары КМШ мамлекеттери арасында коомдук жайларды бүт камтыган, акысыз интернет тараткан биринчи шаар болду

6-декабрда Нарын шаарында «Смарт-Нарын-24» аттуу амбициялуу долбоору ишке ашты. Бүгүнкү күндө КМШ мамлекеттери арасында коомдук жайларды бүт камтыган, акысыз интернет тараткан биринчи Нарын шаары болду.
Бул долбоор шаардагы санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешовдун демилгеси менен бир нече негизги уюмдардын кызматташтыгынын натыйжасында ишке ашырылды. Ага катышкан уюмдар: Борбордук Азия Университети, «Скай Мобайл», “Скайнет Телеком” ЖЧКсы жана Нарын шаардык мэриясы.
Старт берүү иш-чарасына КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу жана өнөктөштөр Борбордук Азия университетинин аткаруучу директору Музаффар Джорубов,БАУнун өнүктүрүү жана коомчулук менен байланыштар бөлүмүнүн директору Малик Котадиа, “Скай Мобайл”ЖЧКсынын коммерциялык директору Александр Атаманов катышты.
«Смарт-Нарын-24» долбоору 20 стратегиялык мааниге ээ жайда акысыз Wi-Fi орнотууну камтыйт. Ага парктар, мектептер, китепканалар, музейлер, базар, борбордук аянтта жана ооруканалар кирет. Бул шаардагы бардык тургундарга жана конокторго, туристтерге жогорку ылдамдыктагы интернетке жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Бул санариптик теңсиздикти жоюуга жана маалымат менен билимге жеткиликтүүлүктү жакшыртууга олуттуу кадам болот.
Долбоор расмий түрдө 2024-жылдын июль айында ишке ашыруу келишими менен бекитилген. Келишимге кол койгон тараптар Wi-Fi тармагын түзүү үчүн керектүү жабдууларды жеткирип жана орнотуу милдетин алган. Келишимге ылайык, Борбордук Азия Университети, долбоордун демөөрчүсү катары, интернет кызматтары үчүн абоненттик төлөмдү төлөйт, ал эми «Скай Мобайл», “Скайнет Телеком” ЖЧКсы Wi-Fi жабдууларын орнотуп, аны туура жөндөйт.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү жабдууларды орнотуудан баштап 2026-жылдын 1-июнуна чейин белгиленген. Андан ары улануу мүмкүнчүлүгү дагы каралган. Тараптар долбоор тууралуу маалыматты таратууда жана Нарындын санариптик трансформациясынын маанилүүлүгүн элдин көңүлүн бурууда активдүү кызматташат.
«Смарт-Нарын-24» долбоору шаардык инфраструктураны жакшыртууда маанилүү кадам болуп, экономикалык өсүшкө жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга салым кошот. Бардык тараптар долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу оң таасирин тийгизерин жана Нарынды жакындан да жеткиликтүү жана заманбап шаарга айлантышын ишенимдүү билдиришти.