17 август 2025

Кароолор: 13

НАРЫН ШААРЫНА ЖАҢЫ ШААРЧА САЛЫНАТ

Облус башчысынын демилгеси, Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен Нарын шаарына жаңы шаарча салынат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгы жайгашкан 11,49 гектар жери жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин №93546 аскер бөлүгүнүн 22,03 гектар жери Нарын шаарына өтүп, анын ордуна жаңы шаарча курулат.