04 ноябрь 2024

Кароолор: 17

Нарын шаарында 120 орундуу "Керемет" балдар бакчасы ишке кирди

4-ноябрда Нарын шаарында Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин балдарына арналып курулган 120 орундуу "Керемет" бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болду.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын коомчулугу, мекеме-ишканалардын жетекчилери, УКМКнын кызматкерлери катышты.

Ачылыш аземде Камчыбек Ташиев мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жашоосу, иштөөсү үчүн шартын түзүү боюнча президенттин түздөн-түз тапшырмасы бар экенин, буюрса УКМКнын, чек арачылардын, милиция органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн жакшы шарттар түзүлүп жатканын, мындай шарттар УКМКда эле эмес жөнөкөй адамдардын ар биринде болушу зарыл экенин белгиледи.

Ошондой эле К.Ташиев “мамлекеттин коопсуздугу элинин санынан көз каранды” деген пикирин билдирүү менен ата-энелерди көп балалуу болууга үндөп, төрөгөн энелер үчүн сүйүнчү акчанын көлөмүн көтөрүү боюнча мамлекеттик программа иштелип жатканын маалымдады.

К.Ташиев билдиргендей, мындан ары үй-бүлөдө төртүнчү баланы жарыкка алып келген энелерге мамлекет тарабынан материалдык капитал катары 100 миң сом, бешинчи баласын төрөгөндөргө 600 миң, жетинчи баланы төрөгөнгө 1 миллион, 8-9 бала төрөгөндөргө 1,5 миллион, ал эми он бала төрөгөн энелерге 2 миллион сом берилет. Мындай программа жаш үй-бүлөлөрдү колдоо максатында жасалып, учурда эсептөөлөр жүргүзүлүүдө.

Иш чарада куттуктоо сөзүн сүйлөгөн Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов бала бакчанын ачылышы бөбөктөрүбүздүн келечеги жана шаарыбыздын инфраструктурасы үчүн мааниси чоң саамалык экенин белгиледи.

Муну менен катар облус жетекчиси Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин республикабыздын аймагында коопсуздукту сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мамлекеттин коррупциялык жол менен желип кеткен мүлкүн кайрадан мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча жасалып жаткан ийгиликтүү, ыкчам аракеттерине Нарын облусунун элинин атынан терең ыраазычылык билдирип, быйыл жыл башынан бери Нарын облусу боюнча 2 млрд. 756,8 млн сомдук 14 кыймылсыз мүлк объектилери мамлекеттин балансына кайтарылып, каттоого алынганын маалымдады.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.