27 апрель 2026
Кароолор: 8
НАРЫН ШААРЫНДА 2026-ЖЫЛГА ПЛАНДАЛГАН ДОЛБООРЛОР ЖЕРИНДЕ КАРАЛДЫ

28-апрель күнү облус башчысы Нарын шаарынын мэри менен биргеликте шаар аймагында 2026-жылы аткарыла турган бир катар курулуш, оңдоо жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Пландалган объектилер кыдырылып, алдыдагы иштердин багыттары каралды.
Натыйжада тиешелүү жетекчилерге иштерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү, шаар инфраструктурасын жакшыртуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.