25 октябрь 2024

Кароолор: 15

Нарын шаарында "Теңир Тоо Сити" турак-жай комплексинин жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун курулушу башталды

25-октябрда Нарын шаарында “Нарын – Реновация” долбоорунун алкагында “Теңир Тоо Сити” заманбап турак-жай комплексинин жана Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун курулушу башталды.

Турак-жайдын курулушун баштоо аземине КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышып, келечек муундарга кайрылган мезгил кутучасын салды.

Иш чарада “Тенир Тоо Сити” кыймылсыз мүлк компаниясынын президенти Ли Жиангуо мырза катышып, эки өлкөнүн кызматташтык мамилелери жана турак-жайдын курулушу боюнча маалымат берди.

Белгилей кетсек, “Теңир Тоо Сити” заманбап турак-жай комплексинин жана Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун курулушу “Нарын – Реновация” долбоорунун негизги компоненттеринин бири. 10 компоненттен турган “Нарын – Реновация” долбоорун Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов демилгеп, шаар тургундарын турак-жай менен камсыздоо, шаарды бийигинен өстүрүү, инфратүзумун жакшыртуу максатында турак-жай куруу үчүн жер аянтын чечип, курулуш компаниясын издеп жаткан. Кытай Эл Республикасы менен болгон кызматташтык мамилелер жана аракеттер жемишин берип, Кашкардын “Цзиньюань Фаңди” курулуш компаниясы менен турак-жайды куруу келишими түзүлдү.

Турак-жай 10 кабаттуу болуп, 6 блоктон, 422 батирден турат. 2 миллиард 500 миллион сом инвестиция жумшалат. Курулуш иши 2025-жылдын апрель айы менен башталып, 16 айда бүткөрүлөөрү пландалууда. Курулуш аяктаса Нарын шаарынын көркүнө көрк кошуп, шаар тургундарынын турак-жайга болгон муктаждыгын чечип берет.

Ушул эле аймакка 3 кабаттан турган Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун имараты курулат. Бир имаратта жайгашкан мамлекеттик кеңселер калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнү жакшыртат.