01 июнь 2026
Кароолор: 8
НАРЫН ШААРЫНДА “БАЛАЛЫК-БАКЫТ ДҮЙНӨСҮ” АТТУУ ЧОҢ МАЙРАМДЫК ФЕСТИВАЛЬ ӨТКӨРҮЛДҮ

1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата ыйгарым укуктуу өкүлдүн демилгеси менен Нарын шаарында “Балалык-бакыт дүйнөсү” аттуу чоң майрамдык фестиваль өткөрүлдү.
Нарын шаарындагы Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта уюштурулган майрамдык иш-чаранын алкагында сүрөт тартуу сынактары, бөбөктөр арасында эмгектөө таймашы, өзгөчө таланттуу балдардын өнөр көрсөтүүсү, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар, энелер үчүн йога көнүгүүлөрү, фотозона жана башка кызыктуу иш-чаралар уюштурулду.
Фестивалдын жүрүшүндө активдүү жана таланттуу балдарга облус башчысы өз колу менен белектерди тапшырды.