25 июль 2025
Кароолор: 9
НАРЫН ШААРЫНДА БИР УЧУРДА БЕШ АЙМАКТА КУРУЛУШ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 25-июлда Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге облус башчысы Нурбек Сатаров калаада салына турган 5 обьекттин курулушу менен тааныштырды.
Алгач Инновациялык креативдүү демилгелер борборуна “Мезгил кутусун” салгандан соң, Балдар оюн-зоок борборунун, коомдук муниципалдык мончонун, автобекеттин жана Нарын дарыясынын түндүк тарабына "Жээк" аллеясы түшө турган жер тилкелеринде жүрүп жаткан иштерди жеринде көрдү.
Андан соң, дубан башчысы Н.Сатаров К.Туманбаевге Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагындагы “Салкын-Төр” мамлекеттик жаратылыш паркын көргөзүп, бул эс алуу жайды реконструкциялоо боюнча долбоорлоо жумуштары жасалып жатканын айтты.