08 апрель 2025
Кароолор: 10
НАРЫН ШААРЫНДА КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ЖАНА ЗАМАНБАП БИЛИМДЕРГЕ ЭЭ БОЛУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укук өкүлү Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында билим деңгээлин текшерүү жана кесиптик багыт берүү боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Анын алкагында, бүгүн, 2025-жылдын 8-апрелинде, Нарын шааарындагы А.Салымбеков атындагы билим берүү борборунда 9-11 класстын окуучулары үчүн кесипке багыт берүү жана заманбап билимдерге ээ болуу боюнча маанилүү иш-чара өткөрүлдү. Окуучуларга туура максат коюу жана келечекке багыт берүү боюнча кенен маалыматтар берилип, аларга жашоо жолундагы ийгиликтерди камсыз кылуу үчүн болгон шарттар сунушталды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу катышып, окуучуларга билим алуу жана келечекте ийгиликке жетүү үчүн үзүрлүү эмгектенүүнүн маанисин баса белгиледи. «Билим бул башкалар үчүн эмес, өзүңөр үчүн, келечегиңер үчүн керек. Билими бар адам бардык жерде ийгилик жарата алат. Азыркы болуп жаткан иш-чара сиздер үчүн өтүлүп жатат. Кайдыгер болбой ар бир сөздү кунт коюп угуп, өзүңөргө пайдалуу маалыматты жазып, эстеп калсаңар, кийин туура ойлонуп чечим чыгарууга керек болот», – деди Ш.Абдырайым уулу.
Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы алдыңкы А.Салымбеков атындагы университетинин өкүлдөрү жана окутуучулары заман талабына жооп берген кесиптер тууралуу маалымат берип, алардагы жеңилдиктер, шарттар жана артыкчылыктар тууралуу айтып беришти. Окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, келечекте кайсы кесиптерди тандаш керектиги боюнча кеңештерди угушту.
Иш-чаранын максаты – окуучуларды бүгүнкү күндүн талабына жооп берген кесиптерге кызыктыруу, билимдин маанисин түшүндүрүү жана аларды жеке ийгиликтерге жетүү үчүн туура багытта тарбиялоо болуп саналат.