23 январь 2026
Кароолор: 23
НАРЫН ШААРЫНДА КООМДУК ТРАНСПОРТТУ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

Учурда ыйгарым укуктуу өкүлдүн демилгеси менен Нарын шаарында коомдук транспорт системасын санариптештирүү багытында алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө.
Атап айтканда, Бишкек шаарындагы ийгиликтүү тажрыйбанын негизинде Нарын облусунда коомдук транспорт каражаттарына GPS-трекерлерди орнотуу жана “Менин шаарым” (“Мой город”) мобилдик тиркемесин киргизүү иштери башталды. Бул система аркылуу шаар тургундары коомдук транспорттун кыймылын онлайн режимде көзөмөлдөп, автобустардын кайсы жерде экенин, маршруттардын жүрүшүн жана келүү убактысын так билүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Мындан тышкары, жакынкы мезгилде коомдук транспортто «Тулпар» мобилдик тиркемесин киргизүү пландалууда. Аталган тиркеменин жардамы менен жүргүнчүлөр жол кирени накталай эмес, онлайн түрдө төлөй алышат.
Бул багыттагы иштердин алкагында 22-январь күнү ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Руслан Сапарбеков, орун басар Айдана Иманалиева, шаар башчысы жана тиешелүү кызмат жетекчилер муниципалдык “Санариптик технологиялар борбору” ишканасынын директору Жумамүдүн Жумалиев менен жолугушуп, санариптик системаларды киргизүүнүн механизмдери, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана мындан аркы пландар талкууланды.
Аталган чаралар калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга, транспорттук системанын ачыктыгын камсыздоого жана шаардык инфраструктураны заманбап талаптарга ылайык өнүктүрүүгө багытталган.