04 октябрь 2025

Кароолор: 28

НАРЫН ШААРЫНДА РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОР АЧЫЛАТ

Бүгүн, 4-августа облус башчысы Нурбек Сатаров Нарын шаарында жакынкы күндөрү ачыла турчу реабилитациялык борбордун даярдыгы менен таанышты.

Борбор Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жарыяланган “Социалдык заказ” долбоорунун алкагында ачылып жатат.

Бул жерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга эки этап менен кызмат көрсөтүлүп, жалпы 100гө жакын баланы реабилитациядан өткөрүү пландалууда.

Мындан сырткары, Министрликтин долбоору аркылуу мындай борборлор бардык райондун борборлоруна ачуу иштери жүрүүдө.