17 июнь 2026
Кароолор: 12
НАРЫН ШААРЫНДА САРКЫНДЫ СУУЛАРДЫ ТАЗАЛООЧУ СТАНЦИЯНЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

17-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков, ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров, Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сирокко Мессерли, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Атайын өкүлү жана Элчиси Реми Дюфло, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн жана тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү Нарын шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу станциянын курулушуна расмий старт берүү иш чарасына катышышты.
Бул курулуш Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын алкагында ишке ашырылып жаткан “Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу системасын реабилитациялоо долбоорунун” экинчи фазасынын алкагында курулмакчы.
Долбоор Нарын шаарынын коммуналдык инфраструктурасын жакшыртууга, айлана-чөйрөнү коргоого жана шаар тургундарын сапаттуу кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылууга багытталган.