21 май 2025

Кароолор: 7

НАРЫН ШААРЫНДА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДОО ЖАНА КАНАЛИЗАЦИЯ СИСТЕМАСЫН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ДОЛБООРУНУН II ФАЗАСЫ БАШТАЛУУДА

2025-жылдын 21-майында Нарын шаарында «Суу менен камсыздоо жана канализация системасын калыбына келтирүү. II фаза» долбоорунун алкагында жетекчилик комитетинин жыйыны өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында өкүлдүн биринчи орун басары Адыл Сапаровдун катышуусунда  уюштурулуп, анда Нарын шаарынын вице-мэри Эльнура Асангазы кызы, шаардык мекемелердин жетекчилери,  эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Музаффар Нарбаев,Арстанбек Болотбеков, Тунжурбек Кудабаев, Микеле Рескальдани, Нияз Эсенбеков, Каныбек Мусаев, Андреас Штойзиц, Клайв Дженнори жана финансы министрлигинин өкүлдөрү катышты. 

Жетекчилик комитетинин жыйынына долбоордун партнерлору чет өлкөдөн видео байланыш аркылуу дагы катыша алышты. Анда I жана II фазалар боюнча аткарылып жаткан иштердин абалы, өлчөө, каржылоонун абалы, CDP программасы, контрактты узартуу жана башка маселелер талкууланды.

Аталган долбоор Нарын шаарындагы экологиялык жана санитардык шарттарды жакшыртууга багытталып, жаңы таштанды сууларды тазалоо станциясынын курулушун, канализациялык түтүкчөлөрдүн кеңейишин жана 7 000ден ашуун үй чарбасын системага кошууну камтыйт.

Долбоордун каржылоо көлөмү — 5,5 миллион евро. Анын 2 миллион евро — Европа Өнүктүрүү жана Кайра куруу банкынан (ЕӨКБ) насыя, 2,5 миллион евро — Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик секретариатынан (SECO) грант, 1 миллион евро — Европа Биримдигинин Борбор Азия үчүн Инвестициялык фондунан (IFCA) гранты.

Долбоор алкагында жаңы канализация түтүкчөлөрүн төшөө, чыгыш районунда 5 808 м самотек жана 351 м басымдуу канализация, батыш районунда 4 984 м самотек жана 1 920 м басымдуу канализация, эски коллекторлорду реконструкциялоо, канализациялык насостук станциялардын курулушу, жол жабууларын калыбына келтирүү иштери аткарылат.

Иштер Нарын шаарынын Чыгыш жана Батыш райондорунда, ошондой эле төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлөт: Мамбеткул Молдокадыр уулу, Мусурманкулов, М. Рыскулов, Кызыл-Сарай, А. Жусупов жана Молдоев көчөлөр. Анын узактыгы 2025-жылдын май айынан 2026-жылдын сентябрь айына чейин (жалпы 16 ай) каралган.