04 ноябрь 2024

Кароолор: 15

Нарын шаарында үч эм төрөгөн энеге үч бөлмөлүү батирдин сертификаты тапшырылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарына болгон иш сапарынын алкагында жакында үч эм наристени жарык дүйнөгө алып келген үй-бүлөнү куттуктап, кыздарына каалоо-тилектерин айтып, белектерин берди.

Ошондой эле Президентибиздин саламын жолдоп, 500 миң сомдун жана Нарын шаарында салынып жаткан Мамлекеттик ипотекалык турак үйдөн үч бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды.

Ал эми Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов тарабынан үч эмдин энеси Алтынай Майрамбековага 35 мин сомдун сертификаты жана белектер берилди.

Үч эм кыздар 25-октябрь күнү Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жарык дүйнөгө келген. Кыздарга Ажар, Анара, Саадат деген ысымдар коюлган. Учурда эне-балдардын абалы тутуктуу, эне сүтү менен багылууда. Үч эм кыз жаш үй-бүлөнүн биринчи балдары.

Төрөт бөлүмүнүн кызматкерлери билдиргендей, буга чейин Нарын шаарында мындан 16 жыл мурда үч эм балдар төрөлгөн.

Төрөт бөлүмү “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 13,5 миллион сомго капиталдык ремонттон өткөрүлүп, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын ичинде эле ишке берилген. Бөлүмдөгү кызматкерлер жаркыраган жаңы имарат акжолтой болгонун жөрөлгө кылышууда.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.