11 июль 2025
Кароолор: 3
НАРЫН ШААРЫНДАГЫ ДАГЫ БИР ИМАРАТ ОҢДОЛУУДА

Нарын шаарында көптөн бери колдонулбай турган С. Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик университетинин эски имараты ӨКМдин Нарын башкармалыгына өттү.
Эске салып өтсөк, ӨКМ бул имартты кайрадан изилдеп чыгып, оңдоп пайдаланса болорун тактап чыгышкан.
Учурду министрликтин каражаты менен оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө. Жүрүп жаткан жумуштар менен облус башчысы Нурбек Сатаров таанышып чыкты.