21 июль 2024

Кароолор: 232

Нарын шаарындагы көчөлөрдун ремонт иштери башталат

21-июлда Нарынга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев иш сапары менен келди.

Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу А.Сыргабаевди Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов тосуп алып, Нарындагы жолдордун абалына байланышкан көйгөйлүү маселелерди жеринде көрсөтүп, тез арада чечип берүүсүн өтүндү.

Транспорт министрлигинин жетекчисине Нарын шаарындагы С.Орозбаков көчөсүнүн 1,2 чакырымына асфальт жаткыруу, көптөн бери көйгөйлүү болуп келаткан Ж.Шералиев көчөсүн (2,3 км) асфальттоо, В.И. Ленин көчөсүнүн 9 км жолунун ремонт иши кечигип жаткандыгы, Нарын шаарынын өткөн жылдан калып калган 7 км ички жолдорун асфальттоо, Нарын аэропортунун конуу тилкесинин асфальт жумуштарын аягына чыгаруу маселелери жеринде көрсөтүлдү.

А.Сыргабаев С.Орозбаков көчөсүнүн 1,2 чакырымын асфальттоону тез арада баштап, 10-августка чейин бүткөрүүнү жол тармагынын жооптуу кызматкерлерине тапшырды. Ошондой Ж.Шералиев көчөсүнүн 2,3 чакырымын асфальттоо боюнча тез арада долбоор даярдап, С.Орозбаков көчөсүнө удаалаш жумуштарды баштай берүүнү жолчуларга милдеттендирди. Шаардын ички көчөлөрүнүн ремонтун көзөмөлгө алаарын, В.И. Ленин көчөсүнүн ремонту тендер бүтсө башталаарын айтты. Ал эми аэропорттун 2,1 чакырым конуу тилкесин 25-августка чейин бүткөрүү тапшырмасын берди.

Министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев менен Нарын шаарындагы автобекетти жаңы куруу боюнча дагы макулдашылды.

Белгилей кетсек, Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов демилгелеген "Нарын - реновация" долбоорунун алкагында Нарын шаарынын Московский аймагынан жер бөлүнүп, жаңы автобекет курулат. Эски автобекет ремонттолуп, Балдардын эс алуучу борбору болот.

А.Сыргабаев долбоорду колдой тургандыгын билдирип, автобекеттин курулушу аяктаса министрликтин балансына алып, эскиси мэрияга өткөрүп берилээрин, бул боюнча маселе болбой турганын билдирди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчисинин сапары улантылып, Нарын облусунун бардык райондорундагы жол маселелерине байланышкан көйгөйлөр көрсөтүлүүдө.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.