14 май 2025

Кароолор: 17

НАРЫН ШААРЫНДАГЫ Ж.ШЕРАЛИЕВ КӨЧӨСҮ АВГУСТ АЙЫНДА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ

Мындай маалыматты “Бета Групп” ЖЧКсынын өкүлү Тилек Анарбеков Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров Нарын шаарынын көчөлөрүндөгү курулуш иштерине кезектеги көзөмөл жүргүзүү учурунда айтты.

Нарын шаарында ички көчөлөрдү оңдоо жана кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Шаар тургундарынын кайрылууларынын негизинде узундугу 2 км 233 метрди түзгөн Ж.Шералиев атындагы көчөнүн туурасы 8 метрден 10,5 метрге чейин кеңейтилүүдө. Бул иштер “Бета Групп” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. Жол 1 жуманын ичинде асфальт төшөөгө даяр болот. Август айына чейин чийин түшүрүлүп, жол белгилери орнотулат.

Ал эми негизги Ленин көчөсүнүн 9,5 км оңдолууда (РТС аймагындагы Хан-Теңгриден Интернат аймагына чейинки аралык). Жол 4 тилке болуп кеңейтилет жана туурасы 14 метрге чейин жетет. Жолдун эки тарабында 2,25 метрлик тротуар, суу кетчү лотоктор каралган. Мындан тышкары, жол белгилерин орнотуу, түнкү жарыктандыруу иштери да аткарылат. Учурда жалпы эки көчөнүн оңдоо иштерине аталган ЖЧК тарабынан 66 адам жана 31 техника тартылган.

А.Сапаров жол курулушун толугу менен кыдырып, аталган компанияга таандык таш майдалоочу заводунун иш ыргагын дагы жеринде көрдү.

Нарын облустук Жол чарба департаментинин башкы адиси Нурбек Кубанычбек уулу жол жакшы тапталып, стандарттарга ылайык бүткөрүлүшү керектигин белгиледи. Анын маалыматына ылайык, Ж.Шералиев, Ленин көчөлөрүнөн тышкары, быйыл жалпы узундугу 13 км түзгөн 39 ички көчөлөр асфальтталат.

Ал эми Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол коопсуздугу боюнча башчысы, милициянын майору Бакай Каратаев жол курулушу учурунда коопсуздукту камсыз кылуу чараларын көзөмөлдөп жатканын маалымдады. С.Орозбаков жана Жаңы Жол көчөлөрүнүн кесилиштерине светофор коюу сунушун жыл башынан бери Нарын шаардык мэриясына жана “Таза Нарын” муниципалдык ишканасына берилгенин айтты. Ошондой эле, жол ишканасына берилген сунуштарды өз учурунда аткарбагандыгы үчүн бир нече жолу айып пул салынганы маалым болду.

А.Сапаров облус жетекчилиги тарабынан жолдун сапатына жана иштин өз учурунда жүрүшүнө өзгөчө көңүл буруу талабы коюлганын белгиледи. Шаардыктардын жүйөлүү кайрылууларын эске алып, тургундарга шарт түзүп, ыңгайсыздыктарды өз учурунда жоюу тапшырмасын берди.