26 декабрь 2023

Кароолор: 298

Нарын шаарынын тургундары көп жылдан берки көйгөйүн чечип бергени үчүн облус жетекчисине ыраазычылык жолдошту

Жаңы жылды утурлай Нарын шаарындагы Самансур-Ата көчөсүнүн тургундары Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовго жолугуп, көп жылдан бери чечилбей келген турак-жай көйгөйүн чечип бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, ак батасын беришти.

Белгилей кетсек, Нарын шаарынын РТС аймагындагы Самансур-Ата көчөсүнүн тургундары: 8 үй-бүлө облус жетекчисине 2023-жылдын март айында арыз менен кайрылып, “Кыргызайыл техсервис” ачык акционердик коомунун балансында турган турак-жайларын, жер тилкелерин КР Министрлер Кабинетинин “Жер мунапысын жүргузүүнун тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобого ылайык мыйзамдаштырып берүүнү өтүнүшкөн. Арыз ээлери бул маселе 2006-жылдан бери чечилбей келгенин билдирип, КР Президентине да кайрылышкан.

Арызда көрсөтүлгөн маселелер боюнча облус жетекчиси тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, прокуратура органдарына тапшырма берилип, маселе териштирилип, натыйжада ыйгарым укуктуу өкүл Алтынбек Эргешовдун саясий эрки менен 4,8 гектар жер аянты “Кыргызайылтехсервис” ачык акционердик коомунан Нарын шаардык мэриясынын балансына өткөрүлуп берилди. Учурда Нарын шаардык мэриясы тарабынан арыз ээлеринин турак-жайга, жерге болгон документтерин бүткөрүү иштери жүрүп жатат. Бул иш облус жетекчисинин көзөмөлүндө.

Жолугушууда арыз ээлери көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйлөрүн чечип бергендиги үчүн КР Президенти Садыр Жапаровго жана облус жетекчиси Алтынбек Эргешовго жүрөгүнөн чыккан ыраазычылыктарын билдиришти.

Облус жетекчиси шаар тургундарын куру кетирбей жаңы жылдык белектери менен узатты.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.