10 декабрь 2025

Кароолор: 33

НАРЫН ШААРЫНЫН ТУРУКТУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА КОМИТЕТТИН ЖЫЙЫНЫ БОЛУП ӨТТҮ

10-декабрда Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын (НУРП) Координациялык комитетинин жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров, Ага Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү доктор Баркат Фазал, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Сироко Мессерли жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү катышып, программаны колдоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча пикирлерин билдиришти.

Жыйында НУРП программасынын жетекчилиги тарабынан буга чейин жазалган, учурда жүрүп жаткан жана алдыда жазала турчу иштер боюнча маалыматтар берилди.