11 август 2025
Кароолор: 22
НАРЫНДА 15 МЛРД СОМДУК ИРИ ДОЛБООРЛОР ИШКЕ АШУУДА

Бүгүн, 11-августа ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге Нарын облусунда, анын ичинде Нарын шаарында болуп жаткан бир катар курулуш иштери менен тааныштырды.
Сапардын алкагында Камчыбек Ташиев Нарындагы ири долбоорлордун бири болгон “Салкын-Төр” мамлекеттик жаратылыш паркын Президенттин Иш башкармасынын балансына өткөрүп берүүнү айтып, толук реконструкциялоо боюнча тапшырма берди.