30 январь 2025
Кароолор: 128
Нарында 2024-жылы 90 чакан ишкана ачылды
Нарын облусунда 2024-жылы өндүрүш, кайра иштетүү, тейлөө багыттында 90 чакан ишкана ачылып, 1237 жаңы жумушчу оруну түзүлдү. 2023-жылга салыштырмалуу 22 ишканага жана 70 жумуш ордуна көп түзүлдү.
Анын ичинде Ат-Башы эл аралык логистикалык борборундагы «Нарын мото» заводу ишке кирип,алгачкы продукцияларын өндүрүп жатат. Курулуш тетиктерин, темир-бетон, нан чыгаруучу, этти, сүттү кайра иштетүүчү ишканалар ачылды.