08 март 2025

Кароолор: 28

НАРЫНДА 8- МАРТ - АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ КАРАТА “АЙЫМДАР ДҮЙНӨНҮН КУТУ” АТТУУ САЛТАНАТТУУ ИШ ЧАРА ӨТТҮ

Облус жетекчилиги тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чарага баатыр энелер, эмгектин ардагерлери, кенже техникалык кызматкерлер, ишкерлер, билим берүү, медицина, маданият жана башка тармакта эмгектенип жаткан жетекчилер жана катардагы кызматкер айымдар катышты.

Облустун аймагынан келген 520 айым катышкан салтанат Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов айымдарды 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады. 

Облус жетекчиси кыргыз элинин байыртадан аялга болгон сый-урматы жогору экенин белгилеп, тарыхта аты калган жана учурда  эмгеги менен элге үлгү болгон нарындык белгилүү айымдарды атап өттү. “Биздин күнүмдүк турмушубузда аялдын ролу өтө чоң. Өлкө үчүн таасирдүү ордуңуздар бар. Мисалга алсак, Социалисттик Эмгектин баатыры Абдылдаева Расияны  апабызды белгилеп кетким келет. Ошондой эле, нарындын чыгаан кыздарынын катарында кыргыз маданиятында өчпөс орду бар, сулуулуктун символу болгон Таттыбүбү Турсунбаева,  мыкты чеберчилиги менен элдин эсинде калган Койсун Карасартова, киноиндустрияга салымы зор Клара Юсупжанованы атап кетсек болот. Ал эми өлкөнүн туусун бийик көтөрүп келе жаткан спортчу кызыбыз Айсулуу Тыныбекова учурдун баатыры десек жаңылышпайм”-деди А.Эргешов. 

Ошондой эле, аялдарга мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатканын маалымдады. Өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык, социалдык аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында социалдык келишимдин негизинде чакан ишкердик кылууга 116 үй-бүлөгө 116 млн сом берилгенин белгиледи. Алардын 70% мал чарбачылыгы менен алектенгендер, 15,3 % өндүрүш багынтында, 4,9% соода-сатык менен алектенгендер түздү.

Ал эми аял ишкерлерге мамлекеттик колдоону күчөтүү, финансылык жеткиликтүүлүктү кенейтүү жана экономикабызда аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү каралууда. Нарын облусунда статистика боюнча жалпы 24 миң 785 жеке ишкер иштеп жатса, анын 9 миң 538ин аялдар түзөт. Аялдарды колдоо, аларды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча дагы иштер жүргүзүлүп жатат. 

Улуттук маданиятты унутта калтырбай, мурасты улантып келе жатышкан колунан көөрү төгүлгөн теңиртоолук уздарды баса белгиледи. Нарын облусун өзгөчөлөнткөн, салтка айланган “Кыргыз шырдагы” фестивалы уюштурулуп келет. Эң алдыда апалардын, эже-карындаштардын чоң эмгеги аркасында өтөт. Себеби, бир чети кыргыздын кол өнөрчүлүк мурасын унутта калтырбай улап келишсе, бир чети 15 жылга чукул убакыттан бери салтка айланган иш-чарага туристтерди тартууга дагы көмөк көрсөтүп жатышат.

Майрамдык иш-чара сахналаштырылган концерттик программа менен коштолду.