27 март 2024

Кароолор: 18

Нарында "Агро - 2024" айыл чарба форуму өткөрүлдү

27-мартта Нарын облусунда “Агро – 2024” айыл чарба форуму өткөрүлдү.

Агро форумдун максаты Нарын облусунда айыл чарбасын өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын аныктап, дыйкан, фермерлерге, багбандарга жаңыча ыкмалар боюнча маалыматтарды, кеп-кеңештерди берүү менен айыл чарбасын өнүктүрүүгө жол ачуу болуп саналат.

Форумдун расмий бөлүгү Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында КР Айыл чарба министрлигинен келген өкүлдөрдүн, облус жетекчилигинин, айыл чарбасы боюнча иш алып барган мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, айыл чарба адистеринин, облустун дыйкан, фермерлеринин катышуусунда өтүп жатат.

Иш чара Нарын облусунун айыл чарба тармагынын абалын, жетишкендиктерин, көйгөйлөрүн чагылдырган видеотасма менен башталды.

Форумду ачкан КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов бүгүнкү күндө эт, сүт, мөмө-жемиш, тоют, бал, балык, картошка кластерлерин түзүү аркылуу айыл чарба продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүүчү ишканаларды көбөйтүү, өндүрүлгөн продукцияны экспортко чыгаруу учур талабы экендигин белгилеп, айыл чарбасын өнүктүрүүнун келечектүү багыттарына токтолду.

Мындан кийин КР Суу ресурстары , айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Ветеринардык кызматынын директору Улугбек Кожобергенов, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Төрөгул Беков, “Узак групп” мөмө-жемиш питомнигинин жетекчиси Азамат Мажиков жана башкалар ирригация ветеринария тармагындагы реформалар, сүт жана мөмө-жемиш кластерин түзүү, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн огтургузуунун пайдасы жана ыкмалары боюнча баяндамаларды жасашты.

Форумдун кийинки бөлугү борбордук аянтта айыл чарба техникаларын тапшыруу, айыл чарба жарманкеси, ишкерлер ортосундагы В2В форматындагы жолугушуулар жана Нарын районунун Миң-Булак айылындагы жаңы ачылган ишканалар менен таанышуу иш чаралары менен коштолот.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.