09 февраль 2024
Кароолор: 322
Нарында "Коопсуз өлкө - туруктуу келечек" форуму өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы чечими менен “2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча” Улуттук план бекитилген.
Бүгүн, 9-февралда аталган Улуттук пландын алкагында Нарын облусунда “Коопсуз өлкө - туруктуу келечек” аталышындагы Форум өткөрүлдү.
Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, Нарын шаарындагы М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында өткөрүлгөн форумдун ишине КР Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров жана райондордун акимдери, акимдердин орун басарлары, күч түзүмдөрүнүн, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, Нарын шаарынын коомчулугу, жаштар, окуучулар катышты.
Иш чара КР ички иштер министрлиги жана облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан укук бузууларды алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытындагы иштерди чагылдырган тасма менен башталды.
Мындан кийин Нарын медициналык колледжинин студенттери тарабынан даярдалган спектакль көсөтүлүп, өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларга байланышкан жат көрүнүштөр таасын чагылдырылды.
Форумда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров укук бузуулардын алдын алуу боюнча буга чейин дагы облустук ички иштер кызматкерлери тарабынан тынымсыз иштер алынып барылганын, Улуттук пландын алкагында бул иштерди күчөтүү зарылдыгын, коомдогу жат көрүнүштөрдү алдын алууну ички иштер кызматкерлерине гана жүктөп койбой коомчулуктун биргелешкен аракети, кайдыгер эмес мамилеси керектигин баса белгиледи. Ошондой эле Нарын облусундагы милициянын аймактык бөлүмдөрүнө кызматтык унааларды берип, иштегенге шарт түзүп берип жаткандыгы үчүн КР Ички иштер министрлигинин жетекчилигине теңиртоолуктардын атынан ыраазычылык жолдоду.
Форумда укук бузуулардын алдын алуудагы негизги маселелер ортого салынып, натыйжалуу иш-аракеттер мерчемделди.
Жыйындын соңунда укук бузууларды алдын алууда ички иштер кызматкерлери менен тыгыз кызматташкан мекеме-уюмдардын кызматкерлерине КР ички иштер министрлигинин сыйлыктары тапшырылды.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.