15 февраль 2024

Кароолор: 15

Нарында "Мен чемпионмун" долбоорунун арты менен спорт маселелери чечилүүдө

Нарында Маданият министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан уюштурулган «Мен чемионмун” долбоорунун кышкы оюндары уюшкандыкта өткөрүлдү.

Кышкы спорттун “лыжа жарышы”, “хоккей” жана “тоо лыжасы” боюнча өткөрүлгөн чемпионаттарына республиканын Ысык-Көл, Чүй, Нарын облустарынын балдар-өспурүмдөр спорт мектептеринин командалары жигердүү катышты.

Бүгүн, 15-февралда Нарын канаттык-бугилдик жолунда “тоо лыжасы” боюнча жарыш уюштурулду.

Мындан сырткары долбоордун алкагында Нарын канаттык-бугилдик жолуна жасалма жол менен кар үйлөй турган пушка сатып алуу үчүн 1 миллион 450 миң сом чечилип берилди. Ошондой эле Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы имараттуу болду.

Белгилей кетсек, «Мен чемионмун” долбоорунун максаты аймактарда спорт тармагын өнүктүрүүгө жана жаш спортчуларды колдоого багытталган. Долбоордун алгачкы этабы өткөн жылы Ысык-Көл облусунун Кара-Кол шаарында уюштурулуп, кышкы оюндар менен башталган. Быйылкы жылы «Мен чемионмун” долбоорунун кышкы жана жайкы оюндары Нарында өткөрүлөт.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.