12 февраль 2024
Кароолор: 355
Нарында "Нарын - реновация" долбоору ишке ашат

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын шаарынын социалдык-экономикалык абалын, инфратүзүмүн жакшыртуу максатында “Нарын - реновация” аталышындагы креативдүү долбоор иштелип чыкты.
Учурда каражат булактарын табуу аракети жүрүп жатат.
Долбоор 10 бөлүктөн турат:
-Нарын шаарынын Сейил-Булак аймагына авто көпүрө куруу долбоору. (Көпүрө курулса Нарын шаарынын, Нарын районунун калктуу конуштарынын аянты 311 гектарга кеңейет)
-Нарын шаарынын Москва чөлкөмүнөн кире беришине жаңы автобекет куруу;
-Эски автобекеттин имаратына балдардын заманбап эс алуу борборун уюштуруу;
-Нарын шаарынын Городок аймагына 9 кабаттуу, 6 блок “Теңир Тоо сити” турак-жай комплексин куруу;
(1-2-кабатына административдик жана коммерциялык имараттар жайгашат. 20 калкты тейлөө мекемесин ушул имаратка жайгаштыруу менен элге ыңгайлуу маүмкүнчүлүк түзүлөт)
-Нарын шаарынын РТС аймагына ипотекалык турак-жай куруу;
-Нарын шаарынын Москва чөлкөмүндөгү сейил бак реконструкцияланып, Панорамалык аттракцион (колесо обозрения) коюлат;
-Нарын дарыясына “Айнек асма көпүрө” салуу; (Бул туристтер үчүн ыңгайлуу жер болуу менен бирге жана шаардын бюджетин толтурууга мүмкүнчүлүк түзөт)
-Нарын шаарына Инновациялык креативдүү демилгелер борборун (ЦИКИ) куруу; (Муну менен китепкана, музей, кинодирекция, телеберүү ж.б маданият мекемелерин заманбап курулган имаратка жайгаштырылып, ыңгайлуу шарт түзүп берилет жана Тянь-Шань, Р.Өмүрзакова парктары реконструкцияланат)
-Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү турак жайлардын фасаддарын бирдей типке келтирүү;
-Жарандык коргоонун облустук штабын уюштуруу.
Буюрса бул иштер быйылкы жылы башталаары күтүлүүдө.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.