10 март 2025

Кароолор: 29

НАРЫНДА «АДИЛЕТ ҮЙҮ» КУРУЛАТ

Жаңы сот имаратынын курулушу башталарын КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов сот кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилөө учурунда маалымдады.

Облус башчысы сотторду жана сот органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, соттордун ишинин маанилүүлүгүн, алардын чоң жоопкерчилигин баса белгиледи. Мамлекеттин кызыкчылыгын дайыма биринчи орунга коюну жана принциптерди катуу кармануу керектигин  айтты.

Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров негизги жумушунан сырткары чарбалык жумуштарды дагы карап жатканын облус башчысы белгилеп, “Адилет үйүнүн” курулушу башталарын маалымдады. Соттун жаңы имараты сот кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу гана эмес, ошондой эле жарандарга сот кызматтарын жеткиликтүү кылуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Сот системасынын натыйжалуулугун арттырып, бардык кайрылган адамдар үчүн адилеттүү укук коргоону камсыз кылган шарттар түзүлөт. Аталган имаратка соттон тышкары, юстиция кызматы, прокуратура дагы жайгашмакчы. 

А.Эргешов Өкмөт тарабынан мамлекеттик структураларга тийиштүү шарттар түзүлүп жатканын билдирди. Сотторго акыйкат чечимдерди кабыл алып, таза иштөө менен кадырлуу кызматкер катары пенсияга узашын каалады.

Иш-чаранын соңунда облус башчысы сот системасынын бардык кызматкерлерине мамлекеттин укуктук тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирип, алардын кесиптик ишмердигинде андан ары да ийгиликтерди каалоо менен сыйлыктарын тапшырды.