05 сентябрь 2025
Кароолор: 10
НАРЫНДА «АГА ХАН» АРХИТЕКТУРА СЫЙЛЫГЫН ТААНЫШТЫРУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн, 5-сентябрь күнү облус башчысынын орун басары Айдана Иманалиева жакында Кыргызстанда өтүүчү «Ага Хан» архитектуралык сыйлыгын тааныштыруу үчүн уюштурулган иш-чарага катышты.
Иш-чарага Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү, доктор Баркат Фазал, Ага Хан архитектура сыйлыгынын директору Фаррох Дерахшани жана Борбордук Азия университетинин Өнүктүрүү жана коомчулук менен байланыштар бөлүмүнүн директору Малик Котадиа ж.б. коноктор катышышты.
Өз сөзүндө Айдана Иманалиева архитектура тармагындагы дүйнөлүк деңгээлдеги «Ага Хан» сыйлыгынын Кыргызстанда өткөрүлүшү өлкөбүз үчүн чоң сыймык жана тарыхый кадам экенин белгилеп, бул иш-чара Кыргызстан менен Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун 25 жылдан берки жемиштүү кызматташтыгынын дагы бир далили экенин айтты.
Иш-чаранын жүрүшүндө туруктуу өнүгүү, климаттык чакырыктарга туруштук берүү жана заманбап архитектуранын коомдук турмушка тийгизген таасири боюнча талкуулар болду. Мындан тышкары, Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун Нарын шаарындагы долбоорлору, анын ичинде шаардын башкы планы жана инфраструктураны жакшыртуу иштери мисал катары белгиленди.
Маалымат үчүн айтып өтсөк, бул сыйлык 1977-жылы уюштурулуп, дээрлик 48 жылдан бери берилип келет. Ар 3 жылда бирден өтүүчү бул сыйлык тапшыруу аземи быйыл Кыргызстанда өтүүсү күтүлүүдө.