14 ноябрь 2024

Кароолор: 24

Нарында айыл чарба кластерлерин жана ишкердикти өнүктүрүүгө 450 млн сом бөлүндү

Нарын облусунда айыл чарба кластерлерин, жеке ишкердикти өнүктүрүү, кайра иштетүү, өндүрүш ишканаларын колдоо багытында 2025-жыл үчүн облустук “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунан 450 миллион сом бөлүндү.

Ишкердик ачам деген облус тургундары, айрыкча дыйкан, фермерлер долбоор жазып, 2 пайыз үстөк менен 10 жылдык мөөнөткө насыяга каражат алсаңыздар болот.

Айыл чарба тармагындагы эт, сүт, бал, балык, мөмө-жемиш, сафлор жана тоют кластерлерин түзүү долбоорлорун каржылоого өзгөчө көңүл бурулат.

Экономикалык долбоорлорду квартал сайын,

ал эми социалдык долбоорлорду үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрына чейин Нарын райондук финансы башкармалыгына тапшыра аласыздар.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.