27 май 2025

Кароолор: 35

НАРЫНДА АЙЫЛ ЧАРБА ТАРМАГЫНДАГЫ ЭКИ ИРИ ДОЛБООРДУН БАШТАЛЫШЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН ӨТТҮ

2025-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, суу ресурстары жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан Нарын шаарында эки ири эл аралык долбоордун башталышы боюнча маалымат жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарага Нарын облусунун райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары, токой чарба башкармалыктары, ветеринардык кызматтар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, “Айыл Банк” ААК өкүлдөрү, жергиликтүү фермерлер жана айыл чарба кооперативдери катышты.

Маалымат жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров ачып берип, долбоорлордун аймак үчүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Иш-чаранын алкагында төмөнкү эки долбоордун максаттары жана ишке ашырылышы тууралуу кеңири баяндама жасалды:

“Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ” долбоору
Бул долбоорду Эл аралык айыл чарбаны өнүктүрүү фонду (IFAD) каржылоодо. Анын негизги максаты — жайыттар жана токойлордон көз каранды болгон фермерлердин жана үй-бүлөлүк чарбалардын экономикалык туруктуулугун жогорулатуу аркылуу айыл жериндеги жакырчылыкты кыскартуу. Бул долбоор тууралуу кеңири маалыматты долбоордун координатору Мирлан Айтказиев берди.

“Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу нарк чынжырчаларын өнүктүрүү” долбоору Азия өнүктүрүү банкы (АБР) тарабынан каржыланууда. Анын негизги максаты — айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн арттыруу жана кайра иштетилген мөмө-жемиш продукцияларын ички жана эл аралык рынокторго чыгарууну кеңейтүү. Долбоордун алкагында 70тен ашык айыл чарба ишканасына кредиттик колдоо көрсөтүлөт. Бул долбоор боюнча баяндама жасаган адис — Жумгалбек Сагынов.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар суроо-жооп форматында долбоорлор боюнча кеңири талкуу жүргүзүштү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 40 млн АКШ доллары көлөмүндө кредит жана гранттык каражаттарды, ал эми IFADдан 9,2 млн АКШ доллары өлчөмүндө грантты тарткан.

Бул демилгелер Нарын облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, климаттык туруктуулукту камсыздоого жана фермерлердин кирешесин жогорулатууга багытталган узак мөөнөттүү кадам болуп саналат.