26 январь 2026
Кароолор: 21
НАРЫНДА АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДҮН БАЛДАРЫНА КЫШКЫ КИЙИМДЕР БЕРИЛДИ

Нарын облусунда социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо иштери уланууда. 26-январь күнү Бириккен Араб Эмираттарынын “Кызыл Ай”коому тарабынан кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, облус аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 850 баласына кышкы кийимдер тапшырылды.
Маалымат үчүн айтып өтсөк, учурда облус боюнча 2 860 аз камсыз болгон үй-бүлө каттоодо турат. Аларда 11 260 бала тарбияланып, өзгөчө социалдык жардамга муктаж болуп эсептелет.