29 январь 2024

Кароолор: 406

Нарында аз камсыз үй-бүлөлөр акысыз көмүр менен камсыздалды

КР Президентинин Нарын обусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун өтүнүчү менен “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому тарабынан 600 тонна көмүр отуну тартылып келинип, ар бир райондон жана Нарын шаарынан 100дөн аз камсыз үй-бүлөгө 1 тоннадан таратылып берилүүдө.

Бүгүн, 29-январда Нарын шаарынын тургундарына көмүр отуну жеткирилди. Буга чейин Кочкор, Жумгал, Нарын районунун тургундары камсыздалган. Эми Ак-Талаа, Ат-Башы райондоруна тартылат.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.