27 декабрь 2023
Кароолор: 311
Нарында Бажы кызматынын кесиптик майрамы белгиленди

27-декабрда Нарында Бажы кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.
Иш чарада КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов майрам ээлерин куттуктап, быйыл мамлекетибиздин бюджети эки эсеге өскөнүн, анын натыйжасында өлкөбүздө Президентибиздин чечкиндүүлүгү менен чоң иштер жасалып жатканын жана бажы кызматы мамлекетибиздин бюджетин толуктагандыктан өлкөбүздөгү өнүгүү кадамдарында алардын эмгеги зор экенин баса белгиледи.
Кесиптик майрамына карата Бажы кызматынын алдыңкы кызматкерлерине ыйгарым укуктуу өкүлдүн сыйлыктары ыйгарылды.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.