13 ноябрь 2024

Кароолор: 27

Нарында дыйкан-фермерлер окутуудан өткөрүлдү

 13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Нарын облусунун фермерлери үчүн окутуу семинары өткөрүлдү.

Иш чарага КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин алдындагы Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Төрөкул Беков, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Адыл Сапаров жана айыл чарба кластерлери боюнча иш алып барып жаткан долбоорлордун өкүлдөрү, айыл чарба адистери, дыйкан-фермерлер катышты.

Семинардын алкагында уюштурулган көргөзмө-жарманкеге облуста өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары коюлду.

Иш чарага катышкан Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов заман талабына ылайык бүгүнкү күндө Нарын облусунда эт, сүт, бал, балык, мөмө-жемиш жана тоют кластерлерин түзүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын, кластердик ыкма менен ырааттуу иш алып баруу дыйкан-фермерлерибиз үчүн дагы, жалпы элибиз үчүн дагы абдан пайдалуу, кирешелүү болоорун жана бул багытта билимдерибизди тереңдетишибиз керектигин айтты.

Облустун аймагында сүт кластери жакшы жолго коюлгандыгын баса белгилеп, бул багытта КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин алдындагы Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан ишке ашкан “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу” долбоорунун алкагында көп жумуштар жасалганын маалымдады. Аталган борбордун жетекчиси Төрөкул Бековго тениртоолуктардын атынан ыраазычылык билдирип, эми мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү долбоорун биргелешип ийгиликтүү ишке ашырууну тилек кылды.

Белгилей кетсек, “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу” долбоорунун алкагында сут багытындагы асыл тукум уйларды сатып алууга 565 фермерге 130 миң сомдон жалпы 73 млн 500 миң сом лизинг жолу менен каражат берилген. Облус боюнча 3000 уйга жасалма уруктандыруу иштери жүргүзүлуп, сүт чогултуучу 11 цистерна, 11 танкер сатып берилген. Ошондой эле демонстрациялык дыйкан чарбаларга 4 млн сомдук курулуш материалдары алынып берилип, 971 дыйкан-фермерлерибиз окутуу семинарларынан өтүшкөн. Анын натыйжасында сүт сектору жолго коюлуп, учурда 4 райондо 4 сүт заводу иштеп, элди сүт азыктары менен туруктуу камсыз кыла баштады.

Иш чарада облус жетекчиси Ак-Талаа районуна сүт заводун ачууга “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунан 2 пайыз үстөк менен каражат берүүнү тапшырды.

Маалымат үчүн айта кетсек, азыркы учурда дыйкан-фермерлерибизди, жеке ишкердикти, кайра-иштетүү, өнөр-жай долбоорлорун колдоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. 2025-жыл үчүн “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунан жогорудагыдай долбоорлорду колдоого 450 миллион сом бөлүндү. Долбоор жазып, 2 пайыз үстөк менен 10 жылдык мөөнөткө насыяга каражат алууга болот. Айрыкча айыл чарба тармагындагы эт, сүт, бал, балык, мөмө-жемиш жана тоют кластерлерин түзүү долбоорлору үчүн каражат алууга мүмкүнчүлүктөр бар.

Семинарда дыйкан-фермерлерге айыл чарба кластерлерин өнүктүрүү, долбоорлорду жазуу, тоют базаларын жакшыртуу, гидропониканы даярдоо жана колдонуу ж.б айыл чарба маселелери боюнча маалыматтар берилди.

Ошондой эле КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен “Форель балык чарбасы” жана “Дордой-Балыкчы” Ачык акционердик коомдорунун ортосунда кызматташуу Меморандумуна кол коюлду.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.