31 август 2023

Кароолор: 349

Нарында эмгеги сиңген инсандардын наамындагы сыйлыктар уюштурулду

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов мамлекетке жана облуска эмгеги сиңген улуу инсандарыбыздын ысымдарын даңазалоо жана учурдагы кызматкерлерге түрткү берүү максатында атайын сыйлыктарды уюштурууну демилгелеген.

Себеби буга чейин “Нарын облусунун Ардактуу Атуулу” наамы жана Ардак грамота, Ыраазычылык кат деген сыйлыктар гана бар болчу. Ушул сыйлыктарга кошуп “Турдакун Усубалиев” Ардак төш белгиси жана “Нарын даңкы” төш белгиси уюштурулду. Мындан сырткары улуу инсандарыбыздын юбилейлик төш белгилерин чыгарып туруу демилгеленип, быйыл Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдык, Матен Сыдыковдун жана Корчубек Акназаровдун 100 жылдык мааракелерине карата ушул инсандардын юбилейлик төш белгилери даярдалды.

Бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата жогорудагы сыйлыктар облустун ар тармагына эмгеги сиңген ардагерлерге жана учурда үзурлүү эмгектенип жаткан кесипкөй кызматкерлерге салтанаттуу кырдаалда ыйгарылды.

Сыйлык тапшыруу иш чарасында облус жетекчиси Алтынбек Эргешов:

-Бүгүнкү күндүн мааниси Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн даңазалоо менен бирге мекенибиздин ар тараптан өсүп-өнүгүшүнө, мамлекеттүүлүгүбүздүн сакталышына салымын кошкон инсандардын эмгегине баа берүү деп билем. Себеби ар бир мамлекет өзүнүн эли менен мамлекеттүүлүгүн сактап турат.

Биз ишке киришкен күндөн баштап мамлекетке жана облуска эмгеги сиңген улуу инсандарыбыздын ысымдарын даңазалоо жана учурдагы кызматкерлерге түрткү берүү максатында атайын сыйлыктарды уюштурууну демилгелеген элек.

Бүгүн ошол сыйлыктар даяр болуп, алгачкы жолу тапшырылганы турат.

Сыйлык ала турган ардагерлердин жана кызматкерлердин баары ушул сыйлыктарга татыктуу адамдар. Мен баарыңыздарды алдын ала куттуктап, бекем ден соолук, бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Эгемен Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө мындан ары да салым кошо бересиздер деп ишенем!,-деп белгилеп, сыйлыктарды тапшырды.

Сыйлык тапшыруу иш чарасына Нарын облусуна эмгеги сиңген мамлекеттик кызматкер Корчубек Акназаровдун кызы Роза Акназарова да катышты. Корчубек Акназаровдун басып өткөн өмүр таржымалы тууралуу көргөзмө уюштурулуп, видео тасма көрсөтүлүп, китептери белек кылынды.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.