29 апрель 2025

Кароолор: 8

НАРЫНДА ЭТНОСТОР АРАЛЫК ЫНТЫМАКТЫ БЕКЕМДӨӨГӨ БАГЫТТАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

2025-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун идеологиялык багыттагы Жарлыктарынын алкагында этностор аралык мамилелерди бекемдөө максатында Нарын шаарында жыйын болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын аймактарынан келген коомдук ишмерлер, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын мүчөлөрү катышты.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Рыскүл Осмонова,  Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын төрагасынын маданият жана жаштар иши боюнча орун басары Зухра Шидакова, Епископ Савватий, «Кыргыз конгресси» коомдук бирикмесинин өкүлү Кадырбек Култаев, Кыргызстандагы азербайжандардын “Бирлик” коомдук бирикмесинин жетекчиси Хансывар Бахшалиев, Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын Нарын облусундагы бөлүмүнүн жетекчиси Амантур  Абдыкеримов сөз сүйлөштү.

Алгач Борбордук Азия университетинде келген конокторго тааныштыруу иретинде Нарын облусу жана ийгиликтери тууралуу маалыматтар берилди, андан кийин С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде жыйын форматында уланды.  Университеттин окутуучулары Г. Эсеналиева "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" жана К. Асылбеков "Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы" темасында докладдар менен чыгышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар этностор аралык ынтымакты бекемдөө, жарандык биримдикти арттыруу жана улуттук идеологиянын ролу тууралуу терең талкуу жүргүзүштү. Тематикалык талкууга жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери,  ошондой эле билим берүү, маданият, дин, укук коргоо жана башка мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү активдүү катышты.

Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын төрагасынын маданият жана жаштар иши боюнча орун басары Зухра Шидакова жыйында Нарынга чакыруу алганына жана иш-чараны уюштурганы үчүн  КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовго ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Элинин Ассамблеясы тарабынан чыгарылган китеп жана ыраазычылык каттарын тапшырды.

Жыйын жарандык биримдикти чыңдоого жана мамлекет башчысынын идеологиялык багытын жеринде колдоого багытталган маанилүү кадам катары бааланды.

Нарын облусунун калкынын саны 312068 болсо, анын 99,8% кыргыз улутундагы жарандар түзөт.