23 апрель 2025
Кароолор: 35
НАРЫНДА “КЕЛЕЧЕК МУУНДАРЫН ТАРБИЯЛОО – БИЗДИН МИЛДЕТ” ТЕМАСЫНДА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

2025-жылдын 23-апрелинде М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында Нарын облусунун прокуратурасынын демилгеси менен “Келечек муунду тарбиялоо – биздин милдет” деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты – өспүрүмдөр арасындагы жана аларга карата жасалган кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зомбулукту жана өз жанын кыюу фактыларын алдын алуу боюнча иш алып баруучу мекемелер ортосунда кызматташууну күчөтүү болду.
Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиева, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Нарын облусунун прокурору Абдирашит Кубатидинов, ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Мадланбек Турпанбаев, мектептердин жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, жергиликт бийлик өкүлдөрү катышты.
Министр Д.Кендирбаева өз кайрылуусунда, балдарды тарбиялоодо эски ыкмаларды колдонуунун кажети жок экенин, педагогдор балдарга ишенимдүү, боорукер мамиле жасап, эмоционалдык интеллектти өнүктүрүүгө көңүл бурушу керектигин баса белгиледи. Ал ошондой эле, прокуратура кызматкерлерин балдар боюнча маалымат берүүдө этият болууга чакырып, агрессиялуу маанайдагы материалдарды жарыялоодо сак болууну сунуштады.
Облус башчысынын биринчи орун басары А.Сапаров иш-чарада Нарын облусунун 2025-жылдын биринчи кварталындагы кырдаалы боюнча маалымат берди. Бул мезгилде жашы жете электер тарабынан 10 кылмыш жасалган (2024-жылы 2 гана учур болгон), алардын ичинен эң көп учурлар Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунда катталган. Ошондой эле, балдарга карата 8 кылмыш иши катталып, анын ичинен 5и сексуалдык мүнөздөгү зомбулук фактылары болгон.
Бул көрүнүштөрдүн негизги себептери катары ата-энелердин миграцияда болушу, мамлекеттик органдар ортосундагы кызматташтыктын жетишсиздиги жана алдын алуу иш-чараларынын системалуу жүргүзүлбөгөндүгү белгиленди. Жыйынтыгында, укук бузууларды алдын алуу максатында 234 иш-чара өткөрүлгөн, анын ичинде семинарлар, тегерек столдор, лекциялар жана рейддер бар.
Ал үй-бүлөлүк жана өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулукту алдын алуу максатында негизги чараларды сунуштады:
- Мекемелер аралык кызматташууну күчөтүү жана маалымат алмашууну жакшыртуу;
- Алдын алуу иш-чараларын мектептерде жана жамааттарда системалуу түрдө жүргүзүү;
- Ата-энелер менен тыгыз иштөө, зомбулуксуз тарбиялоого багыт берүү;
- Зомбулукка кабылган жана зомбулук көрсөткөн балдарга психологиялык жардам көрсөтүү;
- Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттардын ролун жогорулатуу;
- Коомчулуктун маалымдуулугун арттыруу үчүн маалыматтык кампанияларды уюштуруу.
Жыйынтыктап айтканда, көйгөйлөрдү чечүү үчүн алдын алуу иштери тынымсыз жана бирдиктүү жүргүзүлүшү шарт. Ведомстволордун кызматташуусу жана жарандык активдүүлүк бул багытта негизги фактор катары саналат.
Нарын облусунун прокурору Абдирашит Кубатидинов өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясында балдар “мамлекеттин эң баалуу байлыгы” деп белгиленгенин эске салып, мамлекеттик органдар балдардын адеп-ахлактык, руханий жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө шарт түзүүгө милдеттүү экенин билдирди. Ал жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун өсүшү боюнча айтып, бардык тиешелүү органдарды бул багыттагы иштерди күчөтүүгө чакырды.
Прокурор кошумчалагандай, кылмыштардын көбөйүшүнө ата-энелердин жоктугу, мектеп жетекчилигинин жана мугалимдердин окуучуларга көзөмөлүнүн жетишсиздиги себеп болууда. Ошондуктан, балдардын бош убактысын туура пайдалануу, кошумча билим берүү, спорт жана чыгармачылык аркылуу социалдаштыруу иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, полковник Талант Кадыров балдарга карата кылмыштардын мүнөзүн талдап, алардын арасында сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун көбөйүшүнө көңүл бурду. Ал мунун алдын алуу үчүн рейддик иштерди жандандыруу, балдарды коргоо пландарын реалдуу аткаруу жана бардык субъекттердин өз ара аракетин координациялоо керектигин айтты.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар ведомстволор аралык кызматташууну күчөтүү, мектеп жана коомчулук менен тыгыз байланышта иш алып баруу, ата-энелер менен иштөөнү активдештирүү жана балдардын укуктарын коргоого багытталган комплекс чараларды кабыл алуу керектигин баса белгилешти.