18 октябрь 2025
Кароолор: 96
НАРЫНДА КӨК БӨРҮ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ЧЕМПИОНАТ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Бүгүн, 18-октябрда Нарын облусунда 4 күнгө созулган Көк бөрү боюнча республикалык чемпионат жыйынтыкталды. Ага облус башчысы Нурбек Сатаров катышып, уюштуруучуларга Ыраазычылык каттарды тапшырды.
Бул чемпионатта жети дубандан келген командалар катышып, жыйынтыгында 3-орунду Нарын облусу, 2-орунду Чүй облусу жана 1-орунду Талас облусу алды.