15 февраль 2026
Кароолор: 9
НАРЫНДА КРнын СУПЕРЛИГА ЧЕМПИОНАТЫНЫН 2-АЙЛАМПАСЫ БОЛУП ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Суперлига чемпионатынын 2-айлампасынын алкагында өткөн биринчи беттеште “ДС ГРУПП Нарын” командасы атаандаш "Тайота" командасы менен күч сынашты. Оюн жогорку деңгээлде өтүп, жыйынтыгында 6:3 эсебинде нарындык футболчулар ишенимдүү жеңишке жетишти.
Беттешке облус башчысы катышып, оюнчуларга колдоо көрсөттү. Оюндун жыйынтыгында Самат уулу Алмазбек “Беттештин мыкты оюнчусу” деп табылып, ага ыйгарым укуктуу өкүл мыкты оюнчунун белегин тапшырды.