12 ноябрь 2024
Кароолор: 38
Нарында Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

12-ноябрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.
Майрамдык иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов кыргыз милициясынын, бир кылымдык тарыхына, коомдо ээлеген татыктуу ордуна баа берүү менен куттуугун жолдоп, эмгек алдыңкыларына сыйлыктарын ыйгарды.
Иш чарада ички иштер кызматкерлерине коомчулук тарабынан сый-урмат көрсөтүлүп, белектер, сыйлыктар арналды.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.