07 февраль 2024

Кароолор: 321

Нарында Кыргыз Республикасынын жаңы кабыл алынган Туусу көтөрүлдү

Бүгүн, 7-февралда Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын жаңы кабыл алынган Туусу көтөрүлдү.

Иш чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев, КР Президенттик Администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Камчыбек Кускаков, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана күч түзүмдөрүнүн, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Нарын шаарынын коомчулугу катышты.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.