09 март 2025

Кароолор: 11

НАРЫНДА МАШЫКТЫРУУЧУЛАРДЫ ДАЯРДОО БОЮНЧА ОКУУ ӨТТҮ

Волейбол оюну боюнча машыктыруучуларга арналган семинар 2025-жылдын 7-9-мартында Нарын облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кеңсесинде жана "Газпром балдарга" спорт комплексинде өттү. Бул иш-чара Нарын облустук Волейбол Федерациясы жана Кыргыз Республикасынын Волейбол Федерациясы тарабынан уюштурулуп, облустун спорт мектептеринин 25 машыктыруучусун камтыды.

"Машыктыруучуларды даярдоо курсунун 1-баскычы" деп аталган семинарды КР волейбол федерациясынын инструктору, эл аралык даражадагы калыс Нурбек Калыков өттү. Ага катышкан машыктыруучулар теориялык жана практикалык билим алууга мүмкүнчүлүк алышты. Окуу жыйынтыгы менен ийгиликтүү сынак тапшырып, жогорку көрсөткүчкө жеткендерге атайын сертификаттар тапшырылды.

Ал эми машыктыруучуларды окуткан инструктор Нурбек Калыковго спортту өнүктүрүүгө салым кошкону үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы жана Нарын облустук спорт башкармалыгынын Ыраазычылык каты тапшырылды.

Ошондой эле, Нарын облусунун волейбол спорттук оюнун өнүктүрүүгө маанилүү кадамдар жасалып, аталган семинардын 2-3-баскычтарын өткөрүү боюнча макулдашуулар жүрдү.