03 июль 2024
Кароолор: 238
Нарында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

3-июлда Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында облустун саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.
Майрамдык иш чарага катышкан КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу медицина кызматкерлеринин коомдогу бийик ролун баса белгилеп, ден соолук, жооптуу иштерине ийгилик каалады.
Ошону менен бирге жылдан жылга саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин социалдык абалына мамлекет тарабынан жакшы колдоо болуп, айлык маяналары көтөрүлүп калганын, облустагы дарыгерлердин жетишсиздик маселесин чечүү максатында облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун аракети менен жаш дарыгерлер ваучердик система аркылуу окутулуп жатканын, быйыл Нарын мамлекеттик университетине медициналык факультет ачылганын белгилеп, бул аракеттер жакынкы жылдарда сөзсүз жемишин берээрин айтты.
Иш чарада эмгек алдыңкыларына КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлунун сыйлыктары ыйгарылды.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.