16 май 2024

Кароолор: 393

Нарында мектептерге башталгыч класстан баштап IT программалары киргизилет

Азыркы учурда дүйнөлүк практикада бардык башталгыч класстарга IT программалары боюнча сабактар өтүлөт. Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын облусунун мектептерине дагы башталгыч класстардан баштап IT программаларын киргизүү аракети колго алынууда. Бул маселеде эл аралык тажрыйбасы бар IT компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, алардын жардамы менен жүзөгө ашканы турат.

“Сорос-Кыргызстан” фондунун изилдөөлөрү боюнча, 2025-жылга чейин Кыргызстанга 50 миңге жакын IT адистер керек.

IT программалары боюнча сабактарды киргизүүнүн негизги максаты Нарын облусундагы жаштарга IT тармагында жаңы инновациялык билимдерди калыптандырып, жалпы билим берүү системасына реформа жасоого түрткү берүү болуп саналат.

Анын үстүнө кийинки мезгилдердеги статистикалык маалыматтарга ылайык, техникалык кесиптерди жаштар аз тандоодо. Ошого байланыштуу жаштарды бир гана IT тармагына эмес жалпы техникалык кесиптерге багыттоо учур талабы.

Жаштарга жаңы технологиялар менен сапаттуу билим берүүнүн натыйжасында дүйнөлүк атаандаштыкка туруктуу келечекти түзө алабыз.

Бүгүн, 16-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө IT программасын мектептерге киргизүү боюнча жыйын өткөрүлүп, билим берүү тармагынын, IT компанияларынын өкүлдөрү, мектеп директорлору менен бирдикте бул маселе кеңири талкууланды.

Иш чарада КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу, аппараттын Реформалар, санариптик өнүктүрүү жана креативдүү экономика башкармалыгынын башчысы Нурсултан Кубанов тарабынан билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө маалыматтар берилип, алдыдагы иш аракеттер мерчемделди. Ошондой эле , "IT парк" академиясынын өкүлдөрү бүгүнкү күндөгү жаңы технологиялар боюнча маалымат беришти.

Бул демилгенин негизги максаты аймактарда туруп дүйнө жүзү менен иштешүүгө шарт түзүү. Демилгени Нарын облусунда пилоттук негизде ишке ашыруу боюнча Билим берүү министрлигине сунуш берилет.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.